Президент Эрдоган Венгриянын премьер-министри Орбан менен сүйлөштү

Cүйлөшүүдө Türkiye-Венгрия карым-катнаштары менен бирге Орусия-Украина согушу баш болгон аймактык маселелер каралды.

1807645
Президент Эрдоган Венгриянын премьер-министри Орбан менен сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда, сүйлөшүүдө Türkiye-Венгрия карым-катнаштары менен бирге Орусия-Украина согушу баш болгон аймактык маселелер каралды.

Сүйлөшүүдө президент Эрдоган Орбанды төртүнчү шайлоо жеңиши менен куттуктап, шайлоо жыйынтыгынын дос жана союздаш венгер элине пайдалуу болушун каалады.

Күчтөрүн орток тарых жана маданияттан алган эки тараптуу карым-катнаштарды жаңы мезгилде биргеликте жогорку деңгээлге чыгара тургандарына ишенгендерин билдирген Эрдоган, коргоо өнөр жай тармагында жетишилген темпти сактап калуу жана кызматташтыктын масштабын кеңейтүүнүн жалпы кызыкчылык экенин баса белгиледи.

Президент ошондой эле (Орбанга) Орусия менен Украинанын ортосунда тынчтыктын орнотулушу үчүн жүргүзүп жатышкан дипломатиялык аракеттерин түшүндүрдү.



Тектеш кабарлар