Нуланд Türkiyeге келет

Нуланд 2-апрелде башталган сапарынын алкагында Türkiyeге да келет.

1806483
Нуланд Türkiyeге келет

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысынын саясий иштер боюнча орун басары Виктория Нуланд 2-апрелде башталган сапарынын алкагында Франция, Türkiye, Греция, Германия жана Түштүк Кипрдин Рум башкаруучулугуна барат.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, мамлекеттик катчынын саясий иштер боюнча орун басары Виктория Нуланддын 2-9-апрелде эки тараптуу карым-катнаштарды дагы да чыңдоо, Украинага колдоо көрсөтүү жана Орусия (24-февралда) баштаган согушка жооп кайтарууну координациялоо үчүн Францияга, Türkiyeге, Грецияга, Кипрдин Рум башкаруучулугуна жана Германияга бара турганы кабарланды.

Нуланддын Парижде француз, немис жана англиялык кесиптештери менен жолугушары белгиленген билдирүүдө, тышкы иштер министринин орун басарынын андан соң аймактык коопсуздук жана экономика темалары менен эки тараптуу карым-катнаштарды сүйлөшүү үчүн Türkiye, Греция жана Кипрдин Рум башкаруучулугуна бара турганы маалымдалды.

Сапар убагында Нуландды коргоо министринин эл аралык коопсуздук иштери боюнча орун басары Илан Голденберг менен кеңешчинин орун басары Эрика Олсон коштоп жүрөт.



Тектеш кабарлар