Türkiye Йеменде убактылуу ок атышпоону кубаттагандыгын билдирди

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Йемен элине колдоо көрсөтүүнүн улана турганы баса белгиленди.

1805981
Türkiye  Йеменде убактылуу ок атышпоону кубаттагандыгын билдирди

Türkiye  Бириккен Улуттар Уюмунун демилгелеринин негизинде Йемендик тараптардын Рамазан айынын башынан тарта эки айга ок атышпоо жарыялоо келишимин кубаттады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, бул оң кадамдын өлкөнүн бүтүндөй жеринде туруктуу ок атышпоо жана саясий чечим жарыялоосунан кийин болушу, ал эми Türkiyeнин БУУнун атайын өкүлүнүн бул процесстеги аракеттерине колдоо көрсөтүүнү, бардык катмарлар арасында диалог жана элдештирүү менен Йемен элине колдоо көрсөтүүнүн улана турганы баса белгиленди.

Билдирүүдө : «Йемендеги келишпестикти БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларынын жана аныкталган эл аралык параметрлердин алкагында диалог аркылуу жана конституциялык мыйзамдуулуктун негизинде чечүү, аймакта туруктуу коопсуздукту жана стабилдүүлүктү орнотуу үчүн маанилүү экендигине ишенебиз»,- деп айтылды.  

БУУнун Йемен боюнча атайын өкүлү Ханс Грундберг кечээ Йемен өкмөтү менен хусилердин аба, кургактык жана деңиз операцияларын токтотуу боюнча макулдашканын жарыялады.

Йемендеги ок атышпоонун бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:00дө күчүнө кириши күтүлүүдө.

Йемендеги Иран колдогон хусилер 2014-жылдын сентябрынан бери борбор Сана жана кээ бир аймактарды көзөмөлдөшүүдө. Сауд Аравия жетектеген коалиция күчтөрү 2015-жылдын март айынан бери хусилерге каршы Йемен өкмөтүн колдооодо.

Дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрүнүн бири болгон Йеменде жарандык согуштан улам күчөгөн гуманитардык кризис коркунучтуу өлчөмдөргө жетти.



Тектеш кабарлар