ТРТнын башкы директору Захид Собажы ТРТ Түрктүн чет өлкөдөгү жарандардын үнү болорун айтты

ТРТнын башкы директору Собажы Стамбулдун Сиркежи вокзалында өткөрүлгөн таанытуу программасында ТРТ Түрк өзгөчө берүү агымы менен жаңы жолду баштаганын жана интеграция принциби менен эфирге чыга турганын айтты.

1806017
ТРТнын башкы директору Захид Собажы ТРТ Түрктүн чет өлкөдөгү жарандардын үнү болорун айтты

Тürkiye радио жана телекөрсөтүү мекемеси ТРТнын башкы директору Захид Собажы, ТРТ Түрктүн чет өлкөдө жашаган түрктөрдүн үнү боло турганын айтты.

Чет өлкөдө жашаган түрктөрдүн улуттук, адеп-ахлактык баалуулуктарын, каада-салттарын, үрп-адаттарын сактап, түрк маданияты менен болгон байланыштарын бекемдөөнү максат кылган ТРТ Түрк жаңыланган жүзү менен жаңы берүү мезгилин баштады.

ТРТнын башкы директору Собажы Стамбулдун Сиркежи вокзалында өткөрүлгөн таанытуу программасында ТРТ Түрк өзгөчө берүү агымы менен жаңы жолду баштаганын жана интеграция принциби менен эфирге чыга турганын айтты.

ТРТ Түрктүн тыштан Türkiyeге,   Türkiyeден тышка да көпүрө болоорун белгилеген Собажы сөзүн төмөнкүчө улантты :

«Биздин стратегиялык максатыбыз –  ар бир жараныбыз дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун, өзүн жалгыз сезбей, чоң үй-бүлөнүн мүчөсү экенин эстен чыгарбоо, бирок ошол эле учурда Türkiyeде жашаган ар бир адамдын да алардын чет өлкөдөгү бир тууганынан күч алуу сратегиясы. ТРТ үй-бүлөсү катары президентибиздин жетекчилигинде күчтүү жана улуу Türkiye жолунда керектүү иштерди аткарууну милдетибиз деп эсептейбиз. TRT World, TRT Arabi, TRT Deutsch, TRT Russian, TRT Avaz жана акыры TRT Turk сыяктуу каналдарыбызды түшүмдүү жана эффективдүү коллдонуудабыз. Бул алкакта ТРТ Түрк чет жерде жашаган боордошторубуздун жашаган жеринде дискриминацияга, адилетсиздикке, теңсиздикке жана четтетилүүгө дуушар болушуна тоскоол болуу менен аалрдын алардын нүн болот».



Тектеш кабарлар