ПККдан качкан 2 террорист багынды

Ушундайча бул жылы бир гана көндүрүү жолу менен багынган   уюмдун мүчөлөрүнүн саны  21ге жетти.

1805282
ПККдан качкан 2 террорист багынды

ПКК террордук уюмга мүчө  эки террорист дагы көндүрүү жолу менен коопсуздук күчтөрүнө багынды.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Жандармерия башкы командирлиги менен Коопсуздук башкы директорлугу тарабынан жүргүзүлгөн көндүрүү иштеринин натыйжасында министрликтин координациясында ПКК  жикчил террордук уюмдан качкан 2 террорист дагы кармалып, коопсуздук күчтөрүнө багынды.

Террордук уюмга 2014-жылы кошулган уюмдун мүчөлөрүнүн акыркы жолу Иракта иш-аракеттерди жасаганы аныкталды.

Ушундайча бул жылы бир гана көндүрүү жолу менен багынган   уюмдун мүчөлөрүнүн саны  21ге жетти.



Тектеш кабарлар