Türkiyeден Түндүк Македониядагы эл катоо тууралуу билдирүү

Элчи Танжу Билгич Түндүк Македония Республикасында өткөрүлгөн эл каттоонун жыйынтыгы тууралуу суроого жазуу түрүндө жооп берди.

1805152
Türkiyeден Түндүк Македониядагы эл катоо тууралуу билдирүү

Türkiye Түндүк Македониянын тең укуктуу жана түптөөчү элдеринин бири болгон түрк коомунун мыйзамдуу талаптарын колдой турганын жана бул өлкөнүн жыргалчылыгы,  өнүгүүсү, алардын укуктары менен кызыкчылыктарынын коргоо үчүн аракет кылганын жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы, элчи Танжу Билгич Түндүк Македония Республикасында өткөрүлгөн эл каттоонун жыйынтыгы тууралуу суроого жазуу түрүндө жооп берди.

Түндүк Македония Республикасында  өткөн жылдагы эл каттоонун жайынтыкранынын (кечээ) 30 -  мартта билдирилгендигин жана бул өлкөдөгү түрк коомунун өкүлдөрүнүн эл каттоонун адилеттүү, так жана эч бир шектенүүгө орун берилбей тургандай түрдө ишке ашырылышы үчүн катоо учурунда кайра – кайра чакырылгандыгын белгилеген Билгич эл каттоого байланыштуу бул чакырууларга тилекке каршы маани берилбей жаткандыгына көңүлдөрдү бурду.

Билгич  Македония түрктөрүнүн улуттук эл каттоо координациялык кеңешинин эл каттоо жыйынтыктарын жарыяланышынан кийин, жаасалган билдирүүдөгү жагдайлардын расмий органдар тарабынан эске алынышы керектигин баса белгилеп : «Кылымдар бою бул географияда тамыр жайган, Түндүк Македониянын тең укуктуу жана түптөөчү элдеринин бири болгон, бул өлкөнүн өнүгүшү, укуктарын коргоо үчүн аракет кылган түрк коомунун мыйзамдуу талаптарын колдойбуз»,- деди.



Тектеш кабарлар