Түрк Мамлекеттери Уюмунун диаспоралары YTBнын эгедерлигинде чогулду

Программада 20 миллиондук диаспоралык чоң потенциалга ээ болгон Түрк Мамлекеттери Уюмунун ишмердүүлүгү баса белгиленип, мүчө өлкөлөрдүн кызматташтыгына басым жасалды.

1804006
Түрк Мамлекеттери Уюмунун диаспоралары YTBнын эгедерлигинде чогулду
TDT Forum 2.jpg
TDT Forum 3.jpg
TDT Forum 4 Abdullah EREN.jpg
TDT Forum 5 Baghdad Amreyev.jpg

Түрк Мамлекеттери Уюмунун диаспоралары YTBнын эгедерлигинде чогулду

 

Бир тууган жамааттар

Түрк Мамлекеттери Уюмунун (TМУ) 2-Диаспора форуму Бурсада чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB) тарабынан өткөрүлдү. Программада 20 миллиондук диаспоралык чоң потенциалга ээ болгон Түрк Мамлекеттери Уюмунун ишмердүүлүгү баса белгиленип, мүчө өлкөлөрдүн кызматташтыгына басым жасалды.

Түрк Мамлекеттеринин Уюмуна мүчө мамлекеттер; Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын диаспоралары Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) кожоюндугунда жолугушту. YTB нын уюштуруусу менен Түрк Мамлекеттери Уюмунун (TDT) чатыры астында 2-Диаспора форуму өткөрүлдү. Форумдун алкагында диаспорадан жооптуу министрлер, мекеме жетекчилери, диаспорадагы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана диаспора тармагында иштеген окумуштуулар Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору (ТДМБ) Бурсада жолугушту.

Программада сөз сүйлөгөн Түрк Мамлекеттери Уюмунун (TМУ) Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым, уюмду бирдиктүү мамлекет түшүнүгүнүн чегинде соодадагы тоскоолдуктар жоюлган, бажы системалары жөнөкөйлөштүрүлгөн, транспорт, капитал жана адамдардын өтүүсүндө толук эркиндикке ээ болгон Европа Биримдиги моделине жетүүнү максат кылгандарын баса белгиледи.

Биздин максатыбыз тынчтык, биздин максатыбыз бир туугандык

Уюмдун аймактык жана глобалдык деңгээлде эч кимдин атаандашы эмес экендигин белгилеген Йылдырым, аймакта тынчтык, бейпилдик жана гүлдөп-өнүгүүнү каалашкандарын айтты. Уюмду эч кимди коркутуу үчүн түзбөгөндөрүн белгилеген Йылдырым, жана ошондой эле эч кимдин коркутууларына кулак салбай тургандарын айтты. Йылдырым: «Күнөөсүз адамдардын бекеринен, амбициялардан улам каза болушун, кылычтар менен балдардын жанынын кыйылышын каалабайбыз. Биздин максат – тынчтык, максатыбыз – бир туугандык, максатыбыз – жалпы өнүгүү жана элдерибиз үчүн жашоого ыңгайлуу дүйнө»,-деп айтты.

Йылдырым сөзүндө мүчө мамлекеттерге жана уюмга каршы күчтөрдүн зыяндуу иш-аракеттери менен бириктирүү жана эффективдүү күрөшүүнүн маанисине да басым жасады.

Биз каралоо кампанияларына жол бербейбиз

Уюмдагы өлкөлөрдүн атынан жалган, жаңылыштык жана жалаадан турган каралоо кампанияларына жол бербей тургандарын белгилеген Йылдырым: «Тилекке каршы үчүнчү өлкөлөрдө жашаган жана өздүк күбөлүгүндө түрк деген жазуу орун алгандар бар, бирок алардын айрымдары түрк мамлекеттерине душмандык кылып, түрк душмандары менен кызматташкандарын да билебиз. Булар биздин өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин түздөн-түз душмандары. Ага каршы күрөшүү биздин милдетибиз»,-деди.

Уюм катары Кавказда, Орто Азияда жана Балкан өлкөлөрүндө да, Жибек Жолунун жолдорунда адамзаттын жыргалчылыгы, инфраструктурасы жана орток келечеги үчүн чоң иштерди жасай тургандарын түшүндүргөн Йылдырым: «Уюмдун көрүнүктүүлүгүн жана маалымдуулугун жогорулатуу үчүн тыгыз күч-аракет жумшоодобуз. Биздин жалпы максатыбыз – акыры Уюмду Европа Биримдигинин үлгүсүнө алып баруу»,-деп айтты.

Түрк дүйнөсү үчүн 150 долбоорду ишке ашырдык

 

 

YTBнын (чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы) ​​башчысы Абдуллах Эрен да YTB катары түрк дүйнөсү үчүн 150дөн ашык проекти ишке ашырганын айтты. Эрен өз сөзүндө 1500дөн ашуун эл аралык студентке Түркийеде билим алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштагандарын да айтты.

Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандагы диаспора мекемелеринин өкүлдөрү менен жекеме-жеке жолугушкандарын белгилеген Эрен: «Бул жагынан алганда, биргелешкен билим берүү программалары жана маданий иш-чаралар боюнча эмне кылсак болот? Биз булар жөнүндө конкреттүү сүйлөштүк. Жакынкы арада лагерь курууну пландап жатабыз. Мындан тышкары Лондондогу азербайжан диаспорасы менен биргелешип бөлүшүү программасын уюштурууну пландап жатабыз. Түрк Мамлекеттери Уюмунун ичинде түрк дүйнөсүнүн келечеги үчүн ар ким өз тармагында бир нерсе жасоого аракет кылууда. Түркийенин диаспора мекемеси катары диаспора жана билим берүү иш-чараларында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүнү максат кылуудабыз. Биз мындан ары бул иш-чараларды улантабыз»,-деди.

Бизде 20 миллиондук чоң потенциал бар

Түрк Мамлекеттери Уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Багдад Амреев мүчө өлкөлөрдүн дүйнө жүзү боюнча калкынын саны 20 миллиондон ашуун чоң диаспорасы бар экенин белгилеп, «Бул чоң потенциал. Бул туура багытталган учурда биздин өлкөлөрүбүз үчүн саясий, экономикалык жана социалдык жактан зор пайда алып келе турган потенциал»,-деди.

Амреев, түрк диаспорасынын жашаган өлкөлөрдө эффективдүүлүгүн арттыруу, дагы активдүү болуу жана ар түрдүү топтордун ар бири менен синхрондуураак иш алып баруусуна шарт түзүү менен бирдиктүү, маалымдуулугу жогору жана уюшкан түрк диаспорасын түзүүнү максат кылгандарын айтты.

Форумдан кийинкатышуучулар YTB тарабынан ишке ашырыла турган Диаспоралар аралык тажрыйба алмашуу программасына катышат жана 30-мартта Бурса шаардык мэриясы менен ТҮРКСОЙ тарабынан уюштурула турган Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору Бурсанын ачылыш иш-чараларына катышат.



Тектеш кабарлар