Түркия Оманга көңүл айтты

Омандын Захирах аймагында  болгон жер көчкүдө 6 жумушчу каза болуп, көп сандаган жумушчу жаракат алган.

1803300
Түркия Оманга көңүл айтты

Түркия Оманда болгон жер көчкүдө каза болгондор үчүн көңүл айтты. 

Тышкы иштер  министрлигинен берилген маалыматта өлкөнүн Захирах аймагында болгон жер көчкүдө өлүм  - житим жана жаралануулардын болгондугу белгиленди. 

Маалыматта : "Апаатта каза болгондорго Аллахтан кайрымдуулук, Оман өкмөтүнө, элине жана кайгылуу үй  - бүлөлөргө көңүл айтабыз. Жаралуулардын бат айыгып кетишин  каалайбыз",- деп билдирилди. 

Омандын Захирах аймагында  болгон жер көчкүдө 6 жумушчу каза болуп, көп сандаган жумушчу жаракат алган. 

 



Тектеш кабарлар