Президент Эрдоган Орусия-Украина жыйынынын ачылышында сөз сүйлөдү

Эрдоган: «Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишиле турган ийгиликтер кийинки этап болгон лидерлердин деңгээлиндеги жолугушууга да мүмкүнчүлүк түзөт. Биз мындай жолугушууну өткөрүүгө да даярбыз».

1803491
Президент Эрдоган Орусия-Украина жыйынынын ачылышында сөз сүйлөдү
erdoğan.jpg
erdoğan.jpg

Орусия 24-февралда Украинага каршы баштаган согуштан кийин тараптар бүгүн Стамбулда сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Президент Режеп Таййип Эрдоган Орусия-Украина сүйлөшүүчү делегацияларынын Стамбулдагы жолугушуусунан мурда билдирүү жасап: «Адилеттүү тынчтыкта ​​утулгандар болбойт деп ишенебиз. Кагылышууну узартуу эч кимге пайда алып келбейт»,- деди.

Президент Эрдоган Долмабахче кеңсесинде Орусия жана Украина делегациялары менен сүйлөшүү жыйынынын ачылышында сөз сүйлөдү.

Эрдоган: «Өз аймагында көптөгөн азаптарга күбө болгон өлкө катары Кара деңиздин түндүгүндө ушундай көрүнүштү болтурбоо үчүн иштеп, аракет кылдык»,- деди.

Режеп Таййип Эрдоган: «Бардык эл аралык платформаларда эки тараптын (Орусия-Украина) укуктарын, мыйзамдарын жана сезимталдыктарын коргогон адилеттүү мамилени көрсөттүк»,-деп айтты.

«Ок атышууну токтотуу жана тынчтыкты мүмкүн болушунча тез арада орнотуу ар кимдин кызыкчылыгына жооп берет»,-деген президент: «Сүйлөшүүлөрдөн конкреттүү жыйынтык чыга турган мезгилге кирдик деп ойлойбуз. Учурдагы этапта сиздер делегация мүчөлөрү катары тарыхый жоопкерчиликти алдыңыз. Бүткүл дүйнө сиздерден жакшы кабарларды күтүп жатат»,-деп билдирди.

Эрдоган: «Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишиле турган ийгиликтер кийинки этап болгон лидерлердин деңгээлиндеги жолугушууга да мүмкүнчүлүк түзөт. Биз мындай жолугушууну өткөрүүгө да даярбыз»,-деп айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путин жекшемби күнү телефон аркылуу сүйлөшүп, Орусия менен Украинанын сүйлөшүүчү топторунун кезектеги жыйынын Стамбулда өткөрүү боюнча макулдашкан.

Ал арада Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба өз өлкөсүндө басма сөзгө билдирүү жасап: "Түркиядагы сүйлөшүүлөрдө минималдуу талабыбыз гуманитардык маселелердин чечилиши, эң жогорку талабыбыз болсо ок атышпоо жана бул үчүн туруктуу келишимдин түзүлүүсү болот»,-деди. 



Тектеш кабарлар