Антальядагы украиналык мугалимдер менен окуучулар

Түркияга баш калкалаган украиналык 48 мугалим Антальяда 340 украиналык балага өз ыктыяры менен сабак өтүүдө.

1802738
Антальядагы украиналык мугалимдер менен окуучулар

Орусиянын Украинага каршы согушунан кийин Түркияга баш калкалаган украиналык 48 мугалим Антальяда 340 украиналык балага билими үзгүлтүккө учурабашы үчүн өз ыктыяры менен сабак өтүүдө.

Бул тууралуу Коньяалты районунун башчысы Семих Эсен журналисттерге билдирүү жасап: «Коньяалты районубузга келген окуучулардын билим алуу жана социалдашуу мүмкүнчүлүктөрүнөн артта калбашы үчүн украиналык ыктыярчы мугалимдер менен программа даярдадык. Украиналык 48 мугалим 340 балага курстарды берип, окуучулардын билим алуусу үзгүлтүккө учурабашы үчүн иштеп жатышат. Балдар үчүн согуш психологиясын жеңүү абдан кыйын, бирок биз ошол психологияны билим, спорт, искусство менен азыраак сезүүлөрүн каалайбыз. Согуштун тезирээк бүтүшүн жана балдар менен мугалимдердин өз өлкөлөрүнө кайтышын каалайбыз»,-деди.

Украиналык мугалимдер менен окуучулар да муниципалитет тарабынан берилген мүмкүнчүлүктөр үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.



Тектеш кабарлар