Калын: «Түркия эки өлкөнүн лидерлерин жолугуштурууга даяр»

Калын борбору Катарда орун алган Аль Жазира телеканалынын түз эфирине катышып, Орусия-Украина согушуна байланыштуу суроолорго жооп берди.

1798551
Калын: «Түркия эки өлкөнүн лидерлерин жолугуштурууга даяр»

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Орусия-Украина согушунда Түркиянын эки тарап менен байланыш каналдарын ачык кармаганын жана эки өлкөнүн лидерлерин жолугуштурууга даяр экенин айтты.

Калын борбору Катарда орун алган Аль Жазира телеканалынын түз эфирине катышып, Орусия-Украина согушуна байланыштуу суроолорго жооп берди.

Калын Орусия-Украина согушунда тынчтык келишими мүмкүнбү деген суроого жооп берип жатып: «Биз баарыбыз муну ишке ашырууга аракет кылып жатабыз. Биздин президент бул согуш башталгандан бери (Украинанын президенти Владимир) Зеленский жана (Орусия президенти Владимир) Путин менен эки жолу телефон аркылуу сүйлөштү. Колубуздан келгендин баарын жасап жатабыз»,-деди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кесиптештери менен сүйлөшүү үчүн Москва жана Украинага да барганын белгилеген Калын, Чавушоглунун акыркы мезгилде Москвага барган саналуу тышкы иштер министрлеринин бири болгонун айтты.

Бул согушту ар башка каналдарды колдонуу менен бүтүрүүгө аракет кылгандарын белгилеген Калын, Путин менен Зеленскийдин ортосунда «Донбастын» позициясы жана Крым темасында пикир келишпестиктер бар экенине басым жасады.

Калын президент Режеп Таййип Эрдогандын Орусия жана Украина лидерлеринин жолугушуусун камсыздоого даяр экенин баса белгилеп, тараптардын Беларустагы сүйлөшүүлөрүнүн «техникалык деңгээлде» өткөнүн айтты.

Саясий деңгээлдеги биринчи жолугушуунун Анталья дипломатиялык форумунда (АДФ) болгонун эске салган Калын: «Бизге азыр эки лидер Путин менен Зеленскийдин стратегиялык деңгээлдеги жолугушуусу керек»,-деди.

Орусия менен Украинанын ортосунда тынчтык келишиминин болушу мүмкүн экенине көңүл бурган Калын: «(Тынчтык келишими) Мүмкүн, бирок качан жана кантип? Бул суроо. Качандыр бир убакта бул ишке ашат. Бул учурда акыркы жазуу жүзүндө келишим жок, бирок сүйлөшүү топтору жакындап баратышат.

Алар өз ишин улантып, позицияларын бири-бирине жакындаткан сайын эки лидердин жолугушуу ыктымалдыгы да күчөйт деп ойлойм. Анткени туруктуу тынчтык келишими, туруктуу ок атышпоо бул стратегиялык деңгээлдеги жолугушуу менен гана ишке ашат»,-деди.

Калын Орусия үчүн бул согуштун аскердик жана экономикалык эки өлчөмгө ээ экенине көңүл буруп:«Мен Путин Орусияны күчтүү позицияда кармап турган жана ошол эле учурда тынчтык келишимин кабыл алууга мүмкүндүк бере турган кандайдыр бир макулдашууга жетишүүнүн ар кандай мүмкүнчүлүктөрүн карап, бул варианттардын баарын карап жатат деп ишенем.

Лидерлер жолугуп, Орусия тынчтык келишимине макул болмоюнча, бул качан, каякта жана канчалык деңгээлде жүрүшү керектигин айтуу кыйын. Бирок бул канчалык узакка созулса, орус армиясына жана орус экономикасына ошончолук олуттуу зыян келтирилет деп ишенем»,-деп айтты.

Тынчтык келишимин түзүүнүн ар дайым кыйын экенин белгилеген Калын, дипломатиянын ишке кириши менен бул маселелердин чечилишине жардам бере ала тургандарын белгиледи.

Калын башка өлкөлөрдүн Орусияга каршы түрдүү позицияларды карманганын белгилеп: «Биз башка өлкөлөрдүн сезимдерин жана алар ээлеген позицияларды билебиз. Бирок биз Орусия менен байланышты ачык кармашыбыз керек деп эсептейбиз. Эгер баары Орусия менен кемелерди өрттөшсө, алар менен акыры ким сүйлөшөт? Биз бул ишеним каналдарын ачык сактап калабыз.

Мисалы, бул байланыштар аркылуу кысыктарды жана Кара деңизди бул согуштан сактап калдык. Кара деңиз согуштук кемелердин өтүүсү үчүн абдан коопсуз. Биз ошондой эле жок дегенде Мариуполдо жана башка жерлерде ок атышууну токтотууга жана бир аз эвакуациялврдын жүргүзүлүшүнө жетиштик»,-деди.

Ибрахим Калын улуттук коргоо министри Хулуси Акардын эвакуация жана гуманитардык жардам темасында кесиптештери менен тынымсыз байланышта экенин кошумчалады.



Тектеш кабарлар