Нью - Йорктогу Түрк үйүндө Чанаккале деңиз жеңишинин 107 жылдыгы белгиленди
Түркиянын Нью-Йорктогу башкы консулу Рейхан Өзгүр аземде сөз сүйлөп Чанаккаледе мекенин коргогон жоокерлердин эрдигине токтолду.
Чанаккале деңиз жеңишинин 107 жылдыгы АКШнын Нью - Йорк шаарында белгиленди.
Нью - Йорктогу Турк үйүндө 18 - март шейиттер күнү, Чанаккале деңиз жеңишинин 107 жылдыгы жана 12 - март улуттук гимндин кабыл алынышынын 101 жылдыгына байланыштуу азем өткөрүлдү.
Түркиянын Нью-Йорктогу башкы консулу Рейхан Өзгүр аземде сөз сүйлөп Чанаккаледе мекенин коргогон жоокерлердин эрдигине токтолуп : «Мекенибизди, көз карандысыздыгыбызды сактап калуу үчүн абдан көп курмандык бердик. Аларды унутпайбыз»,- деди.
Республиканын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн Чанаккале согушундагы ролуна токтолгон Өзгүр Чанаккале деңиз жеңишинин 107 – жылында президент Режеп Таййип Эрдоган ачылышын аткаргын 1915 Чанаккале көпүрөсүнүн да ишке киргендигин Америкадагы түрк коомчулугу менен бөлүштү.
Башкы консул Өзгүр 18 -март менен бирге Биринчи дүйнөлүк согушунда, Боштондук согушунда, Корея согушунда, Кипр тынтчтык операциясында, ПКК, АСАЛА сыяктуу террордук уюмдар менен күрөшүүдө жана Фетуллахчы террордук уюмдун 2016 -жыл 15 -июлдагы козголоң кыймылында мекенди коргоо үчүн жандарын аябаган аскер, жаран жана дипломат шейиттерди ыраазычылык менен эскергендигин айтты.
Өзгүр 18 - марттын ошол эле учурда гимн кабыл алынган жана Мехмет Акиф Эрсойду эскерүү күнү экендигин да баса белгилеп : «Улуттук гимндин кабыл алынышынын 101 жылдыгына карата улуттук акын Мехме Акиф Эрсойду ыраазычылык менен эскерем»,- деди.
Иш - чарада Чанаккале согушунун жүрүшү тууралуу кеңири маалымат берилген визуалдык колдоо көрсөтүү менен түрк куралдуу күчтөрүн тааныткан кыска тасма да чоң кызыгуу көрдү.