Президент Эрдоган менен Түштүк Кореянын премьер - министри Чанаккале көпүрөсүнүн ачылышына катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган 1915  Чанаккале көпүрөсү менен Түркиянын эң узун көпүрөсүнө ээ болгондугун билдирди.

1798190
Президент Эрдоган менен Түштүк Кореянын премьер  - министри Чанаккале көпүрөсүнүн ачылышына катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган 1915  Чанаккале көпүрөсү менен Түркиянын эң узун көпүрөсүнө ээ болгондугун билдирди.

1915  Чанаккале көпүрөсү жана Малкара  -  Чанаккале авто жолунун ачылуу аземинде сөз сүйлөгөн президент Эрдоган көпүрөнүн  ар бир техникалык өзгөчөлүгү менен түрдүү маанилерге келгендигин белгилеп буларды айтты : «Көпүрөбүздүн  атынын башындагы 1915 Биринчи дүйнөлүк согушунун эң кандуу, үлгүлүү күрөшү болгон Чанаккаледе деңиз жеңишине жетишкен жыл, мунаранын бийиктиги 318 метр да марттын 18зин билдирет. 3 март айы, 18 бүгүн. Ошондуктан орто аралыктын узундугу 2023 метр болсо республикабыздын  курулушунун 100 -   жылы болгон 2023 жана ал күнгө арналган чоң максаттарыбыздын белгиси».

Түркиянын дүйнөнүн эң узун көпүрөсүнө ээ Японияны артта калтырып, бул тармакта биринчи орунга өткөндүгүн баса белгилеген Эрдоган орточо узундуктагы дүйнөнүн 10 көпүрөсүнүн үчөөсүнүн Түркияда экендигин да эске салды.

Түркиянын бул инвестиция менен бир гана убакыттан,  күйүүчү май керектөөдөн жана көмүр кычкыл газынын азайышы менен таба турган пайдасынын жылдык 415 миллион евро болорун айткан президент : «Эсептөөлөр  бул проектинин  экономикабызда 5, 3 миллион евро, 118 миң кишини жумуш менен камсыз кылуу, улуттук кирешеде 2, 4 миллиард евро кошумча салымынын болорун белгилеп жатат»,- деди.

Эрдоган 1915 Чанаккале көпүрсөнүн мамлекеттик  - менчик кызматташуусу да деп аталган аткар  -  иштет -  өткөрүп бер модели менен курулган акыркы чыгарма экендигин белгилеп : «Мамлекет  -  менчик кызматташуусу моделинин көрсөткүчтөрү боюнча Европада үчүнчү, дүйнөдө 13-орундабыз»,- деди.

Ачылышка катышкан Түштүк Кореянын премьер -министри Ким Бу Кюм да сөз сүйлөп,   1915 Чанаккале көпүрөсүнүн чыгыш менен батыштын ортосунда тынчтык жана ишеним доорун баштачу көпүрө болорун айтып : «1915  Чанаккале көпүрөсү эл аралык логистикалык жактан да маанилүү»,- деди.



Тектеш кабарлар