Хулуси Акар Чанаккале деңиз жеңиши менен куттуктады

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар мекенди колониялаштыруу, улутту туткунга алуу жана тарых сахнасынан жок кылууну каалагандарга каршы Чанаккаледеги күрөш рухунун кечээ болгондой бүгүн да түрк улутунун бар болуу шарты экендигин белгиледи.

1798006
Хулуси Акар Чанаккале деңиз жеңиши менен куттуктады

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар мекенди колониялаштыруу, улутту туткунга алуу жана тарых сахнасынан жок кылууну каалагандарга каршы Чанаккаледеги күрөш рухунун кечээ болгондой бүгүн да түрк улутунун бар болуу шарты экендигин белгиледи. Акар жарыялаган билдирүүсүндө Чанаккале деңиз жеңишинин 107 жылдыгы менен куттуктады.

Акар бул жеңишке Осмон империясы географиясынын аймактарынан келген баатырлардын, армия менен улуттун бирдикте күрөшү менен жана улуттук биримдик руху менен жеңишке жетишилгендигин баса белгиледи.

Акар билдирүүсүндө : «Даңазалуу тарыхында эгемендүү жана көз карандысыз жашоону мүнөз катары жактырган асыл улутубуздун баатыр балдары, бир кылым мурда мекенибизди басып алууга аракет кылгандарга каршы бүткүл дүйнөгө Чанаккаленин өтүлгүс экендигин көрсөттү. Кечээ мекенибизди басып алууга аракет кылгандарга каршы  улуттук жана руханий баалуулуктарыбызды  коргоо чечкиндүүлүгү менен күрөшкөн баатыр армиябыз, Мехметчик бүгүн да эгемендигибизге, көз карандысыздыгыбызга жана 85 миллион жараныбыздын коопсуздугуна карата бардык коркунучтарга каршы «өлсөм шейит, калсам ардагер болом» деген түшүнүк жана чечкиндүүлүк күрөшүн улантууда»,- деди.



Тектеш кабарлар