Түрк сууларына сүрүлгөн 36 качкын куткарылды

Жунда аралындагы Жээк коопсуздук командирлигине жеткирилген иммигранттарга тамак-аш, суусундук, дары-дармек жана медициналык каражаттар сыяктуу гуманитардык жардамдар берилди.

1797230
Түрк сууларына сүрүлгөн  36  качкын куткарылды

Балыкесирдин Айвалык районунда Грециянын Лесбос аралына барууга аракет кылган, Греция элементтери тарабынан түрк сууларына сүрүлгөн 36 мигрант куткарылды. 

Эгей деңизинин Айвалыкка жакын жерлерде бир резина кайык менен Лесбос аралына барууга аракет кылган бир группа мыйзамсыз мигрант грек элементтери тарабынан байкалды. 

Грек элементтери жолун тосуп, кайыктары жардырылып, түрк сууларына сүрүлгөн 36 мигрант Түндүк Эгей жээк коопсуздук командирлигиндеги бир кайык тарабынан куткарылды. 

Айвалыктын Жунда аралындагы Жээк коопсуздук командирлигине жеткирилген иммигранттарга тамак-аш, суусундук, дары-дармек жана медициналык каражаттар сыяктуу гуманитардык жардамдар берилди. 

 

 



Тектеш кабарлар