Түркиянын делегациясы АКШда

АКШга барган делегация Вашингтондо жолугушууларын баштады.

1796159
Түркиянын делегациясы АКШда

Түркиядан жогорку даражалуу жетекчилер, парламент мүчөлөрү жана ишкерлерден турган делегация Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мамлекеттик департаментине барды.
Түркия менен АКШнын ортосундагы 100 миллиард долларлык соода көлөмү максатынын алкагында Президенттиктин коммуникация башкармалыгы жана Түркия экспортчулар ассамблеясынын (TIM) координациясында АКШга барган делегация Вашингтондо жолугушууларын баштады.

Алгач АКШнын Мамлекеттик департаментинин жооптуу кызматкерлери менен жолугушкан түрк делегациясы эки тараптуу карым-катнаштарды жана соода дипломатиясын талкуулады.

Түрк жана америкалык ишкерлер менен жолугуша турган делегация, АКШнын Соода министрлиги жана Соода палатасына барат.

Делегация ошондой эле Атлантика Кеңешинин аналитикалык борборунда АКШ менен Түркиянын ортосундагы соода мамилелерин арттыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, америкалык жана эл аралык басма сөз өкүлдөрү менен жолугушат.

Программанын алкагында Түркиянын трансатлантикалык экспорттогу ролун арттыруу үчүн панелдер жана соода дипломатиясы семинарлары уюштурулат. Нью-Йорктогу Түркевинде «Өнүгүү үчүн күчтөрдү бириктирүү: Түркия-Америка карым-катнаштары» жана «Түркия менен Американын жаңы горизонттор үчүн демилгелери: 100 миллиард долларлык соода максаты» аттуу панелдер өткөрүлөт.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгы жана Түркия экспортчулар ассамблеясы биргелешип уюштурган төрт күндүк программанын Түркия менен АКШнын ортосундагы соода карым-катнаштарынын динамикасына оң салым кошушу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар