Эрдоган: «Түркия жана түрк улуту 21-кылымга из калтырат»

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Чанкая сарайында Мамлекеттик Сыймык медалын тапшыруу аземинде катышуучуларга кайрылды.

1796685
Эрдоган: «Түркия жана түрк улуту 21-кылымга из калтырат»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия жана түрк улутунун 21-кылымга из калтыра турганын айтты.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Чанкая сарайында Мамлекеттик Сыймык медалын тапшыруу аземинде катышуучуларга кайрылды.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 376 шейит жакындары жана ардагерлердин мамлекеттик сыймык медалдары менен сыйланганын белгилеген Эрдоган: «Түркиянын президенти жана башкы колбашчысы катары сиз бир туугандарымдын алдында бардык шейиттерибизге жана ардагерлерибизге терең ыраазычылыгымды билдирем»,- деди.

Түркиянын 40 жылга жакын убакыттан бери мекендин коопсуздугуна жана элдин тынчтыгына кастык кылган террор балээси менен күрөшүп жатканын баса белгилеген Эрдоган, бул процессте полиция кызматкерлеринен жайкын тургундарга чейин бардык эл катмарынан миңдеген адамдардын өмүрү кыйылганын айтты.

«Терроризмге каршы күрөштө баштан өткөргөн бардык азаптарыбыздын жыйынтыгын көрө баштадык. Биздин өлкө терроризмдин бардык түрлөрүнө каршы бул күрөштө олуттуу ийгиликтерге жетишүүдө»,- деп айткан Эрдоган:«Террористтер кайда жүрбөсүн алардын уюктарын бир-бирден таап талкалап жатабыз. Биз шейиттерибиздин канын жерде калтырган жокпуз, мындан ары да таштабайбыз. Ата мекендик жана улуттук куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарыбыз (SİHA) менен Ирак жана Сириядагы террор барондорунун баш көтөрүүсүнө жол бербей жатабыз. Түркия жана түрк улуту 21-кылымга из калтырат деп үмүттөнөм»,-деди.



Тектеш кабарлар