Эрдоган: «НАТОнун лидерлер саммитине катышам»

Эрдоган борбор шаар Анкарада Польшанын президенти Анджей Дуда менен биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

1796794
Эрдоган: «НАТОнун лидерлер саммитине катышам»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркияга келген Польшанын президенти Анджей Дуданы Чанкая сарайында расмий азем менен тосуп алды жана бетме-бет жолугушуу өткөрүп, түштөнүштү.

Президент Режеп Таййип Эрдоган 24-мартта Бельгиянын борбор шаары Брюсселде боло турган НАТОнун лидерлер саммитине катыша турганын айтты.

Эрдоган борбор шаар Анкарада Польшанын президенти Анджей Дуда менен биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

«Сүйлөшүүлөрүбүздө Украина-Орусиядагы акыркы кырдаалды, ошондой эле эки тараптуу мамилелерди талкууладык»,- деп айткан президент Эрдоган: «НАТО боюнча эки өнөктөш катары биз саммитте эмне кылса болорун кайрадан карап чыгабыз. Согушту токтотуу үчүн дипломатиялык аракеттерди көрүүнү макулдаштык. Менин тышкы иштер министрим бүгүн Москвада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат, эртең Украинага барат»,-деди.

Эрдоган: «24-марттагы НАТО лидерлеринин саммитинде Орусия менен Украинанын ортосундагы процесс боюнча да сүйлөшүүлөрдү өткөрөм»,- деди.

Польшанын 2 миллион баш калкалоочуга эшигин ачып үлгүлүү позицияны көрсөткөнүн белгилеген президент Эрдоган, бул үчүн Дуданы куттуктады.

Эрдоган Польша менен болгон соода алакаларына да токтолуп: «Эпидемияга карабастан соода көлөмүбүз 8,3 миллиард долларга жетти. 10 миллиард долларлык максатыбызга абдан жакынбыз. Коргоо өнөр жайындагы кызматташуубуз бизди кубандырат. Түркия-ЕБ карым-катнаштарын алдыга жылдырууда поляк досторубуздун конструктивдүү мамиле жасай турганына ишенем»,-деди.

Польшанын президенти Дуда да сүйлөгөн сөзүндө: «Сүйлөшүүбүздүн эң маанилүү темасы Украинадагы абал болду. Түркия географиялык жана саясий жактан абдан маанилүү жана аймакта тынчтыктын камсыздалышында маанилүү роль ойнойт. Экинчи Дүйнөлүк согуштан бери биринчи жолу көргөн бул кайгылуу көрүнүштөрдү токтотушубуз керек. Буга кошкон салымы үчүн президент Эрдоганга рахмат айтам»,-деди.



Тектеш кабарлар