Дөнмез: "2030-жылы жолдорубуздан электр же гибриддик унааларды көрөбүз"

Министр Фатих Дөнмез борбор шаар Анкарада жаштарга кайрылуу жасады.

1796515
Дөнмез: "2030-жылы жолдорубуздан электр же гибриддик унааларды көрөбүз"

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез 2030-жылга чейин Түркияда 1 миллионго жакын электр же гибриддик унаа жолдордо боло турганын айтты.

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлигинин билдирүүсүнө караганда, министр Фатих Дөнмез борбор шаар Анкарада Университеттүү архитекторлор жана инженерлер тобу (MMG) тарабынан уюштурулган 2-Университеттүү MMG семинарында жаштарга кайрылуу жасады.

Дөнмез климаттын өзгөрүүсүнүн бүткүл дүйнөдө күн тартибинин башында турганын, Түркияда да ушул алкакта ылдам кадамдар ташталганын баса белгиледи.

Электрдик унаалардын саны акырындап көбөйүп жатканын белгилеген Дөнмез: "Изилдөөлөр көрсөткөндөй, 2030-жылы Түркияда 1 миллионго жакын электр же гибриддик унааларды жолдорубузда көрөбүз. Ал үчүн биз инфраструктурабызды чыңдашыбыз керек. Бул жерде ата мекендик TOGG унаабыздын тарыхы башталат. Эми таза отун колдонгон унааларды өзүбүздүн инженерлерибиз менен долбоорлоп жатабыз",-деди.



Тектеш кабарлар