Үй  -  бүлө жана социалдык тейлөө министри Деря Янык БУУда сөз сүйлөдү

Үй  -  бүлө жана социалдык тейлөө министри Деря Янык Украинадагы кагылышуулардан жабыр тарткан аялдар менен балдарды коргоого чакырды.

1795717
Үй  -  бүлө жана социалдык тейлөө министри Деря Янык БУУда сөз сүйлөдү

Үй  -  бүлө жана социалдык тейлөө министри Деря Янык Украинадагы кагылышуулардан жабыр тарткан аялдар менен балдарды коргоого чакырды.

БУУнун Аялдар статусу комиссиясынын 66 -  жыйыны башталды.

Министр Янык БУУнун Башкы ассамблеясында Мексика, Индонезия, Түштүк Корея, Австралия жана Түркиядан турган MIKTA өлкөлөрүнүн атынан сөз сүйлөп : «Бардык аялдар менен кыз балдардын  укуктары үчүн чогулган бул залда кагылышуулардын ортосунда калгандарды жалгыз калтырбоо ахлактык милдетибиз. Азыркы учурда бүгүн жана эртең бүткүл дүйнө адамдарынын үчүн тынчтык үчүн иштөөнүн учуру»,- деди.

Көптөгөн жылдардан бери дүйнөнүн төрт тарабында аялдар менен кыз балдардын согуштан таасирленгендигин жана саясий диалог, тынчтык жана чечим чыгаруу процесстеринин тышында калтырылгандыгына көңүлдөрдү бурган Янык : «Украинада болуп жаткан  агрессия сыяктуу кагылышуулар сөз болгондо жеңип чыккан жок бирок жабыркагандар,  кагылышуулардан ашыкча таасирленгендер аялдар менен балдар. Украинадагы аялуу катмарды коргоо үчүн максималдуу сабырдуулук көрсөтүлүшү керек»,-  деди.

Янык  жарандар үчүн коопсуздук  коридорунун түзүлүшү керектигин белгилеп, гуманитардык жардам үчүн тез жана тоскоолдуксуз кирүүнүн камсыздалышына шарт түзүү керектигин айтты.

Министр Янык MIKTAнын гендердик тең укуктуулуктун түзүлүшү жана бардык аялдардын жана кыз балдарынын күчтөндүрүлүшүнө алдыңкылык бериши керектигин белгиледи.



Тектеш кабарлар