Акар командирлер менен Украинадагы акыркы абалды талкуулады

Хулуси Акардын жетекчилигинде видео телеконференция аркылуу баа берүү жыйыны өткөрүлдү.

1796036
Акар командирлер менен Украинадагы акыркы абалды талкуулады

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Башкы штабдын төрагасы армия генералы Яшар Гүлер жана күч командирлери менен Украинадагы акыркы абалга баа берди. 

Хулуси Акардын жетекчилигинде видео телеконференция аркылуу баа берүү жыйыны өткөрүлдү.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Акардын жетекчилигиндеги жыйынга башкы штабдын төрагасы армия генералы Яшар Гүлер, күч командирлери, министрдин орун басары Юнус Эмре Караосманоглу жана аскер бөлүгү командирлери катышты.

Билдирүүдө министр Акардын, жыйында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат алганы жана тапшырма бергени белгиленди.

Жыйында Украинадагы акыркы кырдаал да талкууланды. 



Тектеш кабарлар