Мицотакис Эрдоган менен жолугушуусуна баа берди
Грециянын премьер-министрлигинен берилген маалыматка караганда Кириакос Мицотакис Фенер Рум патриархы Варфоломей менен жолугушуусунда Эрдоган менен болгон жолугушууларына баа берди.


Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис Стамбулда президент Режеп Таййип Эрдоган менен болгон жолугушуусунда эки тараптуу карым-катнаштардын жакшырышына негиз салынганын билдирди.
Грециянын премьер-министрлигинен берилген маалыматка караганда Кириакос Мицотакис Фенер Рум патриархы Варфоломей менен жолугушуусунда Эрдоган менен болгон жолугушууларына баа берди.
Жолугушуу позитивдүү кырдаалда өткөндүгүн белгилеген Мицотакис: «Адамзат жана НАТОнун эки өнөктөшү катары, биз ушундай учурда ушунчалык көп жалпы көйгөйлөргө туш болуп жатабыз, ошондуктан биз болуп турган көйгөйлөргө караганда, бизди бириктирген көйгөйлөргө көңүл буруу маанилүүрөөк экенине макул болдук»,-деди.
Кириакос Мицотакис өзгөчө экономикада көптөгөн темаларда оң күн тартибин түзүүгө басым жасалганын белгиледи.
«Менин оюмча, биз алдыдагы айларда олуттуу ийгиликтерге жетише алабыз. Эгер баары ойдогудай болсо, күзүндө Грецияда Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешин өткөрөбүз деп үмүттөнөбүз»,-деп өз баасын берди.
Түркия менен Грециянын ортосунда бир заматта келише албаган пикир келишпестиктер бар экенине көңүл бурган Мицотакис, президент Эрдоган менен абдан ачык жана чын жүрөктөн жолугушкандарын белгиледи.
Мицотакис Украинадагы окуяларды да эске салып: «Биз эки тараптуу мамилелерибизди жана кызматташтыгыбызды жакшыртууга негиз түздүк деп эсептейм, айрыкча азыр туш болуп жаткан негизги көйгөйлөргө байланыштуу. Бүгүн сиз Украинадагы жарандардын өлүмүнүн трагедиялуу сүрөттөрүн дагы бир жолу көрдүңүз. Биз булар менен алек болушубуз керек»,-деп айтты.