Эрдоган:«Чечим табууга карай дипломатиялык аракеттерди тездетүүнү макулдаштык»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Германия Федеративдүү Республикасынын канцлери Олаф Шольц менен Президенттик комплексте биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

1795374
Эрдоган:«Чечим табууга карай дипломатиялык аракеттерди тездетүүнү макулдаштык»
Erdoğan Olaf Scholz Almanya.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусия менен Украинанын ортосунда туруктуу ок атышпоо үчүн аракетин эч тартынбастан уланта тургандарын айтты.

Президент Эрдоган Германия Федеративдүү Республикасынын канцлери Олаф Шольц менен Президенттик комплексте биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Шольц менен жолугушуусунда негизинен Орусия-Украина маселесин талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондорун баса белгилеген Эрдоган:«НАТО боюнча эки союздаш катары биз тынчсызданып жатканыбызды ырастадык. Чечим табууга карай дипломатиялык аракеттерди тездетүүнү макулдаштык»,-деди.

Эрдоган:«Биздин аракетибиздин натыйжасында Орусия жана Украинанын тышкы иштер министрлери (Сергей Лавров жана Димитро Кулеба)тышкы иштер министрибиз Мевлүт Чавушоглу да катышкан жыйында жолугушту. Анталиядагы дипломатиялык саммит маанилүү ийгилик. Туруктуу ок атышпоону орнотуу үчүн биз эч тартынбастан аракетибизди улантабыз. Баштан кечирип жаткан коогалаңдуу мезгилде биздин жогорку деңгээлдеги кеңешүү механизмдери кайра жанданышы керек деп эсептейм»,-деп айтты.

Эрдоган аймактагы акыркы окуялар Түркиянын коопсуздук жана энергетика тармагында маанилүү роль ойноорун далилдегенин айтты.

Эрдоган, Германия менен болгон соода көлөмүнө байланыштуу: «2020-жылы 38 миллиард доллардын тегерегинде болгон эки тараптуу соода көлөмүбүз 2021-жылы 41 миллиард доллардан ашты. Бул көрсөткүчтү 50 миллиард долларга жеткирүүнү чечтик»,- деди.

Шольц да:«(Орусиянын Украинага кол салуулары) Биз ок атышууну токтотуу боюнча макулдаштык. Түркиянын дипломатиялык чечимге кошкон салымын кубаттайбыз. Эң негизги маселе – мылтыктардын атылуусун токтотуу. Мылтыктарды мүмкүн болушунча тезирээк басуу керек. Украинанын аймактык бүтүндүгүн коргоо абдан маанилүү. Монтре (конвенция) боюнча кысыктардын (Түркия тарабынан) жабылышы кризистин күчөшүнө бөгөт койду»,-деп айтты.

Шольц Европа Биримдиги менен Түркиянын ортосундагы энергетика тармагындагы кызматташтыктын абдан маанилүү экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар