Түркия Эрбилге карай атылган ракеталык кол салууну айыптады

Тышкы иштер министрлиги Эрбилге болгон ракеталык кол салууларга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

1794547
Түркия Эрбилге карай атылган ракеталык кол салууну айыптады

Түркия Ирактын Эрбил шаарына баллистикалык ракеталар менен болгон кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлиги Эрбилге болгон ракеталык кол салууларга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Билдирүүдө: «Бүгүн эртең менен Ирактын Эрбил шаарына баллистикалык ракеталар менен жасалган кол салууларды айыптайбыз. Иракта тынчтыкты жана ырааттуулукту бузууну көздөгөн мындай аракеттер эч качан кабыл алынбайт»,делди.

Билдирүүдө Түркиянын террор менен күрөшүүдө Ирактын жанында болушун уланта турганы баса белгиленди.

Ирактын Күрт Аймактык Башкаруусу (ИКАБ) Эрбилге Ирактын тышынан 12 баллистикалык ракета менен кол салуу болгонун, кол салууда 1 кишинин жеңил жараланганын жарыялады.



Тектеш кабарлар