Эрдогандын Анталья дипломатия форумундагы жолугушуулары улантылууда

Жолугушуу басма сөзгө жабык өттү.

1794286
Эрдогандын Анталья дипломатия форумундагы жолугушуулары улантылууда

Президент Режеп Таййип Эрдоган Анталия дипломатия форумунун  алкагында конок лидерлер менен жолугушууларын улантууда.

Президент Эрдоган Анталья дипломатия формунун экинчи күнүндө Босния-Герцеговинанын Президенттик кеңешинин мүчөлөрү Шефик Каферович жана Милорад Додик менен жолугушту.

Эрдоган кийинчерээк Болгариянын премьер  - министри Кирил Петковду кабыл алды. Кабыл алууга вице  - президент Фуат Октай, президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы  Фахреттин Алтун жана  Улуттук Чалгындоо Уюмунун төрагасы Хакан Фидан менен Адилеттик жана өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челик да катышты. 

Эрдоган Гвинея-Бисаунун президенти Умаро Сиссоко  Эмбало менен да жолугушту андан кийин Ирак Күрт  аймактык башкаруусунун төрагасы Нечирван  Барзанини  кабыл алып, Нигердин президенти Мохамед Базоум ошондой эле Сьерра-Леоне президенти Жулиус Маада Био жана Либериянын президенти Жорж Манне Веа менен өзүнчө жолугушту.

Жолугушуулар  Эрдогандын мейманканада басма сөзгө жабык өттү.



Тектеш кабарлар