Украинадагы түрк жарандары өлкөгө кайтышууда

Россиянын Украинага кол салуусунан бери 2 жума өттү.

1793564
Украинадагы түрк жарандары өлкөгө кайтышууда

Украинадагы кол салуулардан кийин түрктөрдүн өлкөгө кайтышы улантылууда. Ушул кезге чейин 14 миңге жакын киши Тышкы иштер министрлигинин аракеттери менен Түркияга алып келинди.

Россиянын Украинага кол салуусунан бери 2 жума өттү. Өлкөдөгү түрктөрдүн эвакуациясы да үзгүлтүксүз улантылууда. Ушул күнгө чейин миңдеген түрк жараны өлкөгө алып келинди.

Жарандар Польша, Румыния, жана Молдова аркылуу кайтышууда жана  бул өлкөлөрдө түрк тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери  тарабынан тосулуп алынууда. Бул процессте темир жол менен кургак жол менен бирге чек арадан өтүүдө да  колдоо көрсөтүлүүдө. Эвакуациялоо үчүн аракеттер улантылууда.

 



Тектеш кабарлар