Анталья дипломатия форуму бүгүн башталат
Быйыл экинчи жолу өткөрүлө турган форумга 16 мамлекет жана өкмөт башчыларынын катышуусу күтүлүүдө.
Дүйнөнүн төрт бурчунан мамлекет жана өкмөт башчылары чогула турган Анталья дипломатия форуму бүгүн башталат. Быйыл экинчи жолу өткөрүлө турган форумга 16 мамлекет жана өкмөт башчыларынын катышуусу күтүлүүдө.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын демөөрчүлүгү менен тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу тарабынан өткөрүлө турган Анталия дипломатия форумунун быйылкы темасы "Дипломатияны кайра куруу" деп белгиленди.
Мекемелешүүсү жана дипломатия тармагында биринчиси былтыры өткөрүлгөн Анталья дипломатия форуму бул жылы да дүйнөнүн төрт тарабынан саясатчыларды, алдыңкы илимпоздорду, ойчул, пикир лидерлерин, дипломаттарды жана ишкерлерди жолугуштурат.
Дүйнөлүк күн тартибинин негизги темалары талкуулана турган алкуулана турган форум Nest Конгресс борборунда өтөт.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.