"Кануни" кемеси Түркали-4 кудугунда

"Кануни" бургулоочу кеме тереңдиктеги кудук иштерин бүтүрүү үчүн Түркали-4тө барды.

1792620
"Кануни" кемеси Түркали-4 кудугунда

Түрк мунайзаттар корпорациясы (TPAO) "Кануни" бургулоо кемесинин Түркали-4 кудугунда экенин билдирди.

Компаниянын Твиттердеги билдирүүсүндө: «Кануни бургулоочу кемеси тереңдиктеги кудук иштерин бүтүрүү үчүн Түркали-4тө барды»,-деп маалымдалды. 

Президент Режеп Таййип Эрдоган 2020-жылдын 21-августунда "Фатих" бургулоо кемесинин Кара деңизде Сакария газ кениндеги Дунай-1 кудугунда 320 миллиард куб метр жаратылыш газын тапканын жарыялаган. Бул ачылыш Түркиянын тарыхындагы эң чоң газ чалгындоосу катары катталган.

Эрдоган 2020-жылдын 17-октябрында Дунай-1 кудугунда табылган запастардын жалпы көлөмүнүн 85 миллиард куб метрге көбөйүү менен 405 миллиард куб метрге жеткенин маалымдаган.

Амасра-1 кудугунда 135 миллиард куб метрлик газ табылгандан кийин болсо Кара деңиздеги газ запасы жалпысынан 540 миллиард куб метрге жетти.

Түркия деңиздерде көмүр суутегин издөө иштерин «Фатих», «Явуз» жана «Кануни» бургулоо кемелери менен улантууда.



Тектеш кабарлар