Президент Эрдоган Молдованын президенти Майя Санду менен сүйлөштү

Сүйлөшүүдө Россиянын  Украинага жасаган кол салуусу, гуманитардык жардам жана эвакуация маселелери талкууланды.

1791349
Президент Эрдоган Молдованын президенти Майя Санду менен сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Молдованын президенти Майя Санду менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө Россиянын  Украинага жасаган кол салуусу, гуманитардык жардам жана эвакуация маселелери талкууланды.
Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө Россиянын  Украинага кол салуусунда акыркы абалдар, гуманитардык жардам жана эвакуация маселеси каралды.

Тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн колунан келгендин баарын аткаргандарын белгилеген президент Эрдоган, Украина менен Россиянын тышкы иштер министрлеринин бейшемби күнү Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун катышуусу менен Анталия дипломатия форумунун алкагында өткөрүлө турган жолугушуунун, тынчтыкка карай кеткен жолдо маанилүү бир босогонун ачылышына жардам берерине ишенерин айтты. 

 



Тектеш кабарлар