Өмер Челик Украинада тынчтыкты куруу аракеттери тууралуу билдирди

Өмер Челик партиянын борборунда президент,  Адилеттик жана өнүгүү партиясынын лидери Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигиндеги Борбордук Аткаруу Кеңешинин жыйынында маалымат берди.

1791335
Өмер Челик Украинада тынчтыкты куруу аракеттери тууралуу билдирди

 Адилеттик жана өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челик  Украинада тынчтыкты куруу аракеттери тууралуу : «Президентибиз тарабынан ортого салынган принциптердин негизинде тынчтык түзүлүшү керек»,- деди.

Өмер Челик партиянын борборунда президент,  Адилеттик жана өнүгүү партиясынын лидери Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигиндеги Борбордук Аткаруу Кеңешинин жыйынында маалымат берди.

Крымдын Россия тарабынан басылып алынышынын НАТО жана Европа Бримдигине мүчө өлкөлөр тарабынан көрбөстүккө салынгандыктан бүгүн аймакта бул абалдын ортого чыккандыгын белгилеген Челик : «Келинген жерде Түркия айткан, президентибиз тарабынан ортого салынган принциптер боюнча тынчтык столу  курулушу керек. Биринчиси бул жерде албетте бир өлкөнүн жеринин бүтүндүгүнүн жана саясий эгемендигинин жок кылынышы сыяктуу аракет кабыл алынгыс, муну четке кагабыз»,- деди.

Россиянын  коопсуздук тынчсызданууларынын да жок кылынышы керектигин белгилеген Челик сөзүн төмөнкүчө  улантты : «Албетте бул жерде Россиянын коопсуздук санааркоолору жок болушу керек дегенде бул жерде Россиянын айтканындай Крымдын, Донецктин жана Лугансктын оккупациясы таанылсын. Украина бул шарттарга ыраазы болсун сыяктуу Украинанын жеринин бүтүндүгүн жана саясий эгемендигин жок кыла турган айрым ыкмаларды жактырып, буларды мыйзамдуу деп айтпайбыз. Бул жерде столдун бир тарабында Россиянын коопсуздук санааларын жок кыла турган, бир тараптан оккупацияны акырына чыгара турган, Украинанын саясий жана жеринин бүтүндүгүн, анын да коопсуздугун кепилдикке алынышына шарт түзө турган жол табууга болот. Түрк дипломатиясы бул  тажрыйбага ээ».



Тектеш кабарлар