Президент Эрдоган Зеленский жана Жонсон менен сүйлөштү

Украинанын президенти Зеленский сүйлөшүү тууралуу Twitterден маалымат берди.

1790097
Президент Эрдоган Зеленский жана Жонсон менен сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Украинанын президенти Зеленский сүйлөшүү тууралуу Twitterден маалымат берип : «Түркиянын колдоосу үчүн ыраазыбыз. Россия Федерациясынын 24 -  февралдан бери келе жаткан кол салуулары жана атомдук терроризми тууралуу президент Режеп Таййип Эрдоганга маалымат бердим. Агрессияны токтотуубуз керек»,- деди.  

Президент Эрдоган Британиянын премьер  - министри Борис Жонсон менен де телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө Россиянын Украинага 24 -  февралдан бери келе жаткан кол салуусу жана  аймактык абалдар менен Түркия  -  Британия карым  - катнаштары талкууланды.

Сүйлөшүүдө  президент Эрдоган тез арада ок атышпоо жана Россиянын Украинага кол салуусуна тез арада чекит коюу үчүн аракеттерди улантышарын билдирди.

Президент Эрдоган  Түркиянын террор менен күрөшүндө НАТОдогу өнөктөштөрүнөн чын жүрөктөн колдоо күтөрүн дагы бир жолу баса белгиледи.

 

 



Тектеш кабарлар