Түркия эл аралык коомчулукка чакырык салды

Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Женева кеңсесиндеги туруктуу өкүлү Садык Арслан БУУнун Адам укуктары кеңешинин чукул жыйынында сөз сүйлөдү.

1789593
Түркия эл аралык коомчулукка чакырык салды

Орусия менен Украинанын ортосундагы согушка кийлигишпесе аймакта чоң кризис болоорун белгилеген Түркия, украин элинин кайгысын жеңилдетүү үчүн эл аралык коомчулукту бул согушту токтотуу аракетин күчтөндүрүүгө чакырды.

Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Женева кеңсесиндеги туруктуу өкүлү, элчи Садык Арслан БУУнун Адам укуктары кеңешинин чукул жыйынында «Украинадагы Орусиянын агрессиясынан улам келип чыккан адам укуктарынын абалы» темасында сөз сүйлөдү.

Арслан 47 мүчөдөн турган Кеңешке кайрылып, Орусиянын Украинага жасаган агрессиясынын негизсиз, адилетсиз жана эл аралык мыйзам менен тартипти олуттуу түрдө бузганын баса белгиледи.

Түркиянын чек араларды күч менен алмаштырууга катуу каршы экенин баса белгилеген Арслан: «Түркия аймактык жана глобалдык коопсуздукка коркунуч туудурган бул мыйзамсыз аракеттерди четке кагат жана айыптайт. Биз Орусияны аскердик операцияларын токтотуп, Украинадан күчтөрүн чыгарып кетүүгө чакырабыз»,- деди.

«Жашоо укугу - негизги укук» деген Арслан Орусиянын кол салууларынын сансыз адамдын өмүрүн тобокелге салганына көңүл бурду.

Арслан Орусия менен Украинанын ортосундагы согушка кийлигишпесе аймакта чоң кризис болорун белгилеп: «Биз украин элинин кайгысын жеңилдетүү үчүн бул согушту токтотуу боюнча күч-аракетибизди бириктиришибиз керек», - деп айтты.

Арслан Украинада тынчтыкты орнотуу үчүн бардык аракеттерди колдоого даяр экендиктерин баса белгиледи.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган болчу.



Тектеш кабарлар