Түрк аба жолдору менен Air Serbia ортосунда кеңейтилген код - шеринг келишимине кол коюлду

Код -  шеринг келишимине эки авиакомпаниянын башкы директорлору Билал Экши жана Жири Марек THYнын Стамбулдагы башкы кеңсесинде кол коюшту.

1789206
Түрк аба жолдору менен Air Serbia ортосунда кеңейтилген код - шеринг келишимине кол коюлду

Түрк аба жолдору THY менен Air Serbia ортосунда кеңейтилген код - шеринг келишимине кол коюлду.

THY басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, эки авиакомпаниянын ортосундагы келишим каттам тармактарындагы кошумча багыттар менен кеңейип, соода кызматташтыгын арттырууда.

Код -  шеринг келишимине эки авиакомпаниянын башкы директорлору Билал Экши жана Жири Марек THYнын Стамбулдагы башкы кеңсесинде кол коюшту.

Келишим менен Белград - Стамбул каттамдарында код - шеринг  каттамдарды аткарган авиакомпаниялардын бири болгон Air Serbia компаниясынын "JU" маркетинг коду АнадолуЖеттин Анкара менен Белград ортосундагы каттамдарына жана THYнын "TK" маркетинг коду Air Serbia Нис- Стамбул жана Кральево-Стамбул каттамдарына кошулушу менен орток каттамдар кеңейтилет.  Натыйжада кодшердик каттамдар кеңейтилет. Ушундайча бул линиялардагы жүргүнчүлөр THYнын кеңири учуу тармагына кире алышат.

Эки авиакомпаниянын код  - шеринг каттамдары Белграддан Баня Лука, Тиват, Анкара,  Стамбулдан да  Анкара, Измир, Адана, Анталья, Даламан, Газиантеп, Кайсери, Конья, Трабзон, Газипаша, Бодрум, Одесса, Киев, Амман, Каир, Тель-Авив, Нис жана Кральево болуп тизмеленди. 

 

 



Тектеш кабарлар