Чавушоглу менен Сафеди биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү
Чавушоглу менен Иорданиянын вице-премьер-министри, тышкы иштер жана чет өлкөдө жашаган иорданиялыктар министри эс-Сафеди борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу башка өлкөлөргө баш калкалаган сириялыктардын өз ыктыяры менен кайтуусу үчүн иорданиялык кесиптеши Эймен эс-Сафеди менен иштеп жаткандарын айтты.
Чавушоглу менен Иорданиянын вице-премьер-министри, тышкы иштер жана чет өлкөдө жашаган иорданиялыктар министри эс-Сафеди борбор шаар Анкарада Тышкы иштер министрлигинин расмий резиденциясында өткөрүлгөн жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөштү.
Чавушоглу сапар жасаган министрдин эң көп сүйлөшкөн кесиптештеринин бири болгонун белгиледи.
Түркиянын Иордания менен карым-катнаштарга чоң маани бергенин билдирген Чавушоглу: «Иордания аймактагы көз караштарына биз чоң маани берген бир тууган өлкө. Биздин аймакта көптөгөн кыйынчылыктарды бөлүшөбүз жана бардык аймактык маселелер боюнча биздин көз караштарыбыз бири-бирине дал келерин айткым келет»,-деди.
Эс-Сафеди менен Украина баш болгон аймактык жана эл аралык абалдарды баалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондорун белгилеген Чавушоглу, сириялыктардын өз ыктыяры менен өлкөлөрүнө кайтуулары үчүн биргелешип иш алып баргандарын айтты.
Хашимиттер династиясынын Кудстагы ыйык жерлерди коргоо ролунун колдоого алынганына жана маани берилгенине көңүл бурган Чавушоглу: «Бириккен Улуттар Уюму жана Ислам Кызматташтык Уюму баш болгон эл аралык уюмдар менен кызматташуубузду улантабыз»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Тышкы иштердин «Түрк дипломатиялык архив документтеринде улуттук күрөш дипломатиябыз» басылмасы
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги, X социалдык медиа эсебиндеги бөлүшүүсүндө маалымат берди.