Түрк аба жолдорунун кирешеси

THYнын флоту жалпы 370 учактан турат.

1787862
Түрк аба жолдорунун кирешеси

Түрк аба жолдору (THY) 2021-жылдын 4-чейрегин 225 миллион долларлык таза киреше менен жыйынтыктады.

THYнын билдирүүсүнө караганда, глобалдык авиация тармагы тарыхында эң оор кризисти башынан өткөргөн жана эң чоң жоготууга учураган бир жылдан ашык убакытты артка калтырды.

Бул оор мезгилде коронавирус (Ковид-19) пандемиясынан келип чыккан кризистин таасирине карабастан THY 2021-жылдын 4-чейрегин 225 миллион долларлык таза киреше менен жыйынтыктады.

2021-жылдын 4-чейрегинде жалпы 13,7 миллион жүргүнчү ташылып, орундук деңгээли ички каттамдарда 79 пайызды, эл аралык каттамдарда 69 пайызды түздү.

Дүйнөдөгү эң жаш жана эң заманбап флоттордун катарына кирген THYнын флоту декабрь айына карата жалпы 370 учактан турат.



Тектеш кабарлар