Украинага жардамдар Анкарадан жөнөп кетти

Түркия жана Азербайжанда Украина калкы үчүн чогултулган жардам материалдары Украинанын Анкарадагы элчилигинен жөнөтүлдү.

1787223
Украинага жардамдар Анкарадан жөнөп кетти

Түркия жана Азербайжанда Украина калкы үчүн чогултулган жардам материалдары Украинанын Анкарадагы элчилигинен жөнөп кетти.

Орусия-Украина согушунан улам Украинадагы жарандарга колдоо көрсөтүүнү каалаган Түркия жана Азербайжандан келген жарандардын жиберген жардам материалдары элчиликте чогултулду.

Негизги азык-түлүк жана керектүү буюмдардан турган жардам элчиликтин кызматкерлери тарабынан жүк ташуучу унааларга жүктөлдү. Андан соң жүк ташуучу унаалар Стамбулга жөнөштү.

Украинанын Анкара элчилигинин билдирүүсүнө караганда Анкарада чогултулган 3 жүк ташуучу унаа жардам материалы Стамбулда башка жардам материалдары чогултулган жердеги жүк ташуучу унааларга өткөрүлүп, Болгария жана Румыния аркылуу Украинага жеткирилет.

Украинанын Анкарадагы элчиси Васил Боднар Түркияда Украина үчүн 1,5 миллион лира жана 12 миң доллар жардам чогултулганын, жардамдын Украинага бир нече жардам унаасы менен жеткириле турганын жарыялады.

Орусиянын 24-февралда башталган чабуулунан кийин Украинага жөнөтүлө турган гуманитардык жардам материалдарын ташыган башка жүк ташуучу унаалар да Румынияга келди.

5 жүк ташуучу унаадан тышкары Украинадагы түрктөрдү эвакуациялай турган 26 автобустун бүгүн Украинада болушу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар