Алтун: «Биздин чакырыктарыбыз кабыл алынганда, бул согушту болтурбай коюуга болмок»

Аймакта дагы бир согушка күбө болгондорун белгилеген Алтун социалдык медиа эсебинен англис тилиндеги билдирүүсүн жарыялады.

1786341
Алтун: «Биздин чакырыктарыбыз кабыл алынганда, бул согушту болтурбай коюуга болмок»

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу Түркиянын бир нече жолу дипломатиялык чечимге чакырганын, бирок азыр согуштун бир чындык катары алардын алдында турганын белгиледи.

Аймакта дагы бир согушка күбө болгондорун белгилеген Алтун социалдык медиа эсебинен англис тилиндеги билдирүүсүндө төмөнкү сөздөргө орун берди: «Президентибиз Режеп Таййип Эрдоган Орусия менен Украинанын ортосунда ортомчулук кылууну бир нече жолу сунуштады, анткени биз эки өлкө менен тең бекем мамиледебиз. Ошондой эле шериктештерди бирдиктүү позицияны карманууга чакырды.

Түркия катары азыркы кырдаалдын алдын алуу үчүн дипломатиялык деңгээлде колдон келген аракетибизди жасадык. Бириккен Улуттардын Уюмунун системасын реформалоо боюнча биздин чакырыктарыбыз этибарга алынган жок жана биз мунун оор кесепеттерин акыркы кризисте көрдүк. Эгерде биздин чакырыктарыбыз кабыл алынганда, бул согушту болтурбай коюуга болмок».

Бир катар аймактык жана глобалдык маселелерде эл аралык коомчулуктун бирдиктүү болбошунун Орусия-Украина кризиси сыяктуу чоң көйгөй экенин баса белгилеген Алтун: «Бул кагылышуу бизди эки трагедия менен бетме-бет келтирүүдө. Биринчиси, кагылышуунун гуманитардык чен-өлчөмү. Түркия бул жаатта колунан келгендин баарын жасайт. Башка аймактык кагылышуулардагыдай эле, биз эми бул жаатта пионер болобуз.

Экинчиси, чындыкка каршы тынымсыз чабуулдар. Бул жагдайдан биз да кабардарбыз. Биз жалган маалыматка жана жалган маалымат кампанияларына каршы аракеттенебиз.

Бул маалыматтык согушта анын булагына карабастан биз чындыктын жанында болобуз. Түркиянын саясатына карата көптөгөн спекуляциялар жана комментарийлер жасалууда.

Түркиянын дипломатиялык кадамдары жана өнөктөштөрү менен координациясы ар дайым чыр-чатактын тез жана тынчтык жолу менен чечилишин көздөйт.

Буга эч ким шектенбесин. Түркия дипломатиянын конструктивдүү жана жаратуучу күчүнө ишенет жана ар бир кризисте бардык дипломатиялык варианттарды толук колдонууга аракет кылууда.

Бул акыркы конфликт өкүнүчтүү да, керексиз да. Бул согуштун азыркы жана узак мөөнөттүү кесепеттерин алдын алууга аракет кылабыз»,-деди.

Орусия Украинага каршы аскердик операциясын 24-февралда баштаган.



Тектеш кабарлар