Идлибде 50 миңден ашуун брикет үй курулду

Түрк Кызылайы Сириянын Идлиб аймагына 50 миңден ашуун брикет үйү курулганын жана муктаж болгон 350 миң адамдын ал жерге жайгаштырылгандыгын жарыялады.

1785962
Идлибде 50 миңден ашуун брикет үй курулду

Түрк Кызылайы Сириянын Идлиб аймагына 50 миңден ашуун брикет үйү курулганын жана муктаж болгон 350 миң адамдын ал жерге жайгаштырылгандыгын жарыялады.

Түрк Кызылайынын төрагасы Керем Кынык, Сириянын Идлиб аймагында 2 жылдан бери Түрк Кызылайы баш болгон кээ бир бейөкмөт уюмдардын колдоосу менен Ички иштер министрлигинин координациясында жүргүзүлүп жаткан кампания тууралуу маалымат берди.

Кынык  «Идлибде биргебиз, сиздер мененбиз» деген кампаниянын алкагында түрк жардам уюмдарынын колдоосу менен курулган брикет үйлөр менен  чатырларда жашап жаткан адамдардын жылуу үйлөргө чыгышына шарт түзүлгөндүгүн белгиледи.

Сирия кризисинде 11 жылдын артта калганын белгилеген Кынык, бул абалдын өлкө ичинде чоң кыйроого алып келгенин айтты.

Кынык Сириядагы жарандык согуштан улам  өлкөдөн чыгууга мажбур болгон 6 миллион кишиге чоң кайгы алып келгенин, 4 миллионго жакын кишинин Түркия чек арасына жакын аймактарда жашаганын айтты.

Брикет үйлөрдү куруу иштеринин үзгүлтүксүз уланып жатканын эске салган Кынык: «Идлибде ушул убакка чейин 50 миңден ашуун брикет үй бүткөрүлүп, 350 миңге жакын адам гуманитардык шарттарда жашай турган чөйрө түзүлдү»,-деди.



Тектеш кабарлар