Чавушоглу Дендиаска жооп кайтарды

Мевлүт Чавушоглу Дендиастын айыптоосуна байланыштуу социалдык медиа эсебинен бөлүштү.

1786137
Чавушоглу Дендиаска жооп кайтарды

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиастын Түркия Украинадагы абалдан пайдаланып жатат деген айыптоосуна жооп берип:"Ушунчалык көп берилгендик жана күч-аракет ушундай тантырактыкка кетет. Абдан өкүнүчтүү!"-деди.

Мевлүт Чавушоглу Дендиастын айыптоосуна байланыштуу социалдык медиа эсебинен бөлүштү.

Министр Чавушоглу бөлүшүүсүндө,"Бүткүл дүйнөнүн көңүлү Украинада болгон трагедияга бурулуп турганда, Никос Дендиас өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп жатат; аныкы кандай шартта болбосун Түркиянын аброюна шек келтирүү. Ушунчалык көп берилгендик жана күч-аракет ушундай тантырактыкка кетет. Бул абдан өкүнүчтүү!" деген сөздөргө орун берди.

24-февралдан бери Украинада орусиялык аскерий операция жүрүп жатат.



Тектеш кабарлар