Түркия шамал энергиясын орнотуу боюнча Европада 4 - орунда

Өткөн жылы Европада 17 гигаватт жаңы кубаттуулук орнотулган жана бул орнотуунун 11 гигаватынЕвропа Биримдигине  мүчө 27 мамлекет түздү.

1784296
Түркия шамал энергиясын орнотуу боюнча Европада  4 -  орунда

Түркия өткөн жылы Европада эң көп шамал энергиясы орнотулган өлкөлөрдүн тизмесинде 4 - орунду алды.

WindEurope тарабынан даярдалган «2021 - жылы Европанын шамал энергиясы статистикасы жана 2022 - 2026 - жылдарга болжолу» деген отчетуна ылайык, 2021-жылдын акырына карата Европада орнотулган шамал энергиясы 236 гигаваттка жетти.

Өткөн жылы Европада 17 гигаватт жаңы кубаттуулук орнотулган жана бул орнотуунун 11 гигаватынЕвропа Биримдигине  мүчө 27 мамлекет түздү. Бул орнотуулардын   81 пайызын кургактыктагы шамалдын көлөмү түздү. 

Отчетко ылайык,  Британияда өткөн жылы 2,64 гигаватт менен эң көп шамал энергиясы орнотулган. Бул мезгилдин ичинде  Британияда кургактагы 328 мегаватт шамал электр станциялары жана 2,31 гигаваттык деңиз шамал станциялары орнотулган.

Британиядан кийин 2,10 гигаватт менен Швеция,   1,92 гигаватт менен Германия  келди. 

Түркия болсо 2021 - жылы 1,4 гигаваттык шамал энергиясын орнотуу менен 4 - орунга чыкты.



Тектеш кабарлар