Мурат Курум ЕБнин Түркия өкүлчүлүгүнүн башчысы Николаус Мейер-Ландрут менен жолугушту

Жолугушууда Түркия - Европа Биримдигинин карым - катнаштарынын мааниси баса белгиленди.

1783151
Мурат Курум ЕБнин Түркия өкүлчүлүгүнүн башчысы Николаус Мейер-Ландрут менен жолугушту

Экология жана шаар куруу, климаттык өзгөрүү  министри Мурат Курум Европа Биримдигинин Түркия делегациясынын жетекчиси, элчи Николаус Мейер  -  Ландрут менен жолугушту. 

Курум  Коньяда  Селчук Конгресс борборунда өткөрүлгөн Климаттык кеңешинин экинчи күнүндө Мейер  -  Ландрут менен жолугушту. 

Жолугушууда Түркия - Европа Биримдигинин карым - катнаштарынын мааниси баса белгиленди.

Министр Курум Мейер - Ландрутка Түркиянын климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү алкагында ишке ашырып жаткан долбоорлору жана иштери тууралуу билдирип, Түркиянын эмиссиялар соода системасынын Европа Биримдигине ылайыктуу түзүлүштө өнүктүрүлүшүнүн пландалып жатканын айтты. 

Элчи Мейер  Ландрут да Түркиянын климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүн жана ишке ашырып жаткан долбоорлорун көзөмөлгө алгандарын белгилеп, Климат кеңешинин ийгиликтүү улантылышы менен министр Курумду куттуктады. 

Жолугушууда Түркия менен Европа Биримдигинин ортосунда климаттык өзгөрүү менен күрөшүүдө аткарылган долбоорлор тууралуу пикир алмашуулар болду. 

Бир тараптан Жашыл Европа меморандумунан да жооптуу Европа Биримдиги Комиссиясынын төрага орун басары Франс Тиммерманстын Түркияга сапар менен келери билдирилди. 

Түркия - Европа Биримдиги Жогорку деңгээлдеги диалог жолугушууларынын жаз айларында Түркияда   өткөрүлүшү пландалууда.

Эмиссия соода системасы тууралуу аткарылышы мүмкүн болгон кызматташуу тармактары сүйлөшүлө турган жыйында Түркиянын жашыл трансформацияга колдоо күткөн мамлекеттик, жергиликтүү жана жеке сектор долбоорлорунун талкуулана турганы белгиленди.

 

 



Тектеш кабарлар