Алтун расисттик Ханаудагы кол салуу тууралуу видео бөлүшүлдү

Алтун, 2020-жылдын 19-февралында Германиянын Ханау шаарында болгон жана арасында түрктөр да болгон 9 киши каза болгон расисттик террордук кол салуунун экинчи жылында социалдык медиа эсебинен видео бөлүштү.

1781700
Алтун расисттик Ханаудагы кол салуу тууралуу видео бөлүшүлдү

Президенттиктин Коммуникация башкармалагынын башчысы Фахреттин Алтун эки жыл мурда Германиянын Ханау шаарында болгон расисттик террордук кол салууда каза болгондорду эскерди.

Алтун, 2020-жылдын 19-февралында Германиянын Ханау шаарында болгон жана арасында түрктөр да болгон 9 киши каза болгон расисттик террордук кол салуунун экинчи жылында социалдык медиа эсебинен видео бөлүштү.

Фахреттин Алтун өз билдирүүсүндө: «Расисттик Ханаудагы кол салуудан эки жыл өттү. Кол салууда каза болгондорду ырайым жана урматтоо менен эскерем»,-деген сөздөргө орун берди.

Алтун бөлүшкөн видеодо расисттик кол салууда каза болгондордун жакындары жана кол салууга күбө болгондордун баяндоолору орун алды.

Бир тараптан Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтундун жетекчилигинде «Ханау курмандыктары үчүн адилеттик изделүүдө: Германияда ашынган улутчул террор коркунучу» аттуу панелдик жыйын өткөрүлөт.

Борбор шаар Анкарадагы Коммуникация башкармалыгынын жыйындар залында эртең боло турган панелде Германиядагы ашынган улутчул террор коркунучу талкууланат.



Тектеш кабарлар