Өрттөнгөн паромдо бир түрк жараны дайынсыз жоголду

Түркиянын Афина - Пирей башкы консулу Мустафа Сомунжу Грециянын Игуменица портунан Италиянын Бриндиси портуна баратканда өрттөнүп кеткен паромдо түрк жаранынын дайынсыз жоголгондугун билдирди.

1781305

Паромдон куткарылып Корфу аралындагы мейманканага жайгаштырылган түрк жарандарын зыярат кылган Сомунжу бардык керектүү жардам жана консулдук кызматтардын көрсөтүлө турганын айтты. Бир түрк жаранынын дайынсыз жоголгондугун белгилеген Сомунжу : «Анын абалын белгилөө үчүн грек Жээк коопсуздугу, оорукана жана грек коопсуздугу менен байланыштабыз. Буюрса ал да аман- эсен кутулат»,- деди.

Кеме фирмасы менен келишим түзгөн мекеменин жетекчиси менен сүйлөшкөндөрүн айткан Сомунжу паспорту жок жарандарга убактылуу паспорт берилерин, бардык жарандардын Стамбулга алып барыларын белгиледи.

Кечээ эрте менен Грециянын Игуменица портунан Италиянын Бриндиси портуна бара жаткан жана араларында түрк жарандары да болгон  паромдо өрт чыккан.

Грециянын мамлекеттик маалымат агенттиги АМНАнын берген кабарына караганда Италия да колдоо берген куткаруу иштеринин натыйжасында Корфу аралына жеткирилген 278 кишинин күбөлүктөрү аныкталып, 11 кишинин анын ичинен 3 кишинин Греция жаранынын дайынсыз жоголгондугу билдирилген.

Тектеш кабарлар