Түркиянын НАТОго кошулгандыгына 70 жыл болду
Түркия НАТОго кошулушунун 70 - жылына карата билдирүү жарыялады

Түркия НАТОго кошулушунун 70 - жылына карата билдирүү жарыялады.
Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта 70 жыл мурда бүгүн (18 - февраль 1952 – жыл) НАТОго кошулган Түркиянын суук согуш мезгилинде болгондой андан кийин да союздаштыктын жооптуу жана жол башчы мүчөлөрүнүн бири экендиги, НАТОнун чек араларын коргоодогу ойногон ролунан башка миссия жана операцияларына чоң салым кошкондугу, союздаштыктын негизги баалуулуктарынын негизинде принциптүү жана көрөгөчтүк мамилеси менен НАТОнун багытын башкарган, алдыңкы союздаштардын арасында орун алгандыгы баса белгиленди.
Маалыматта Түркиянын бир тараптан 2030 - жылдардын НАТОсунун талкуулангандыгы, бир тараптан кенен масштабдуу коопсуздук сыноолорунан өтүлгөн бул мезгилде коргонуу жана коопсуздук темасында да өз милдетин аткаргандыгы, НАТОнун өзгөрүү жана трансформация процессине маңыздуу жана оригиналдуу салымын кошууну улантып жаткандыгы белгиленди.
Түркиянын бир гана өзү үчүн эмес, Европа - Атлантика аймагында кооптонууну жараткан терроризмдин бардык түрү менен күрөшүп жатканы, коопсуздукту жана ырааттуулукту коргоо аракетин чечкиндүү түрдө уланта турганы белгиленди.
Маалыматта : «Бул жагынан алганда союздаштарыбыздан да күтүүбүз НАТОнун орток белгисин түзгөн биримдик жана тилектештик рухунун толук көрүнүшү»,- деп билдирилди.