Ибрахим Калын менен Седат Өнал Аббас менен жолугушту

Жолугушууга Түркиянын Палестинадагы башкы консулу, элчи Ахмет Рыза Демирер да катышты.

1780055
Ибрахим Калын менен Седат Өнал Аббас менен жолугушту

Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас Рамаллада президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын жана тышкы иштер министринин орун басары Седат Өналды кабыл алды.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Палестинага барган түрк делегациясы Рамаллада Аббас менен жолугушту.

Түркия - Палестина карым - катнаштары талкууланган жолугушууда түрк делегациясынын "эки мамлекеттүү чечимдин алкагында  Түркиянын Палестина элине колдоо көрсөтүүнү уланта турганы» белгиленди.

Түрк делегациясынын Палестинанын тышкы иштер министри Рияд ал - Малики менен да жолугуп, эки өлкөнүн карым - катнаштарын талкуулаганы билдирилди.

Жолугушууга Түркиянын Палестинадагы башкы консулу, элчи Ахмет Рыза Демирер да катышты.

Калын менен Өналдын бүгүн Израилдин Тышкы иштер министрлиги жана президенттигинин жетекчилери менен жолугушуусу пландалууда.

 

 

 



Тектеш кабарлар