Калын жана Өналдын Палестина-Израиль сапары башталды

Сапардын биринчи аялдамасы катары Түркиянын Кудстагы башкы консулдугуна учураган Калын эки күндүк Палестина-Израиль сапары тууралуу маалымат берди.

1779957
Калын жана Өналдын Палестина-Израиль сапары башталды

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын жана тышкы иштер министринин орун басары Седат Өнал баштаган делегация Палестина жана Израилге болгон эки күндүк сапарынын биринчи аялдамасы болгон Кудска барышты.

Сапардын биринчи аялдамасы катары Түркиянын Кудстагы башкы консулдугуна учураган Калын эки күндүк Палестина-Израиль сапары тууралуу маалымат берди.

Калын палестиналык жана израилдик кесиптештери менен Палестина маселесинин чечилиши жана Түркия-Израиль карым-катнаштарынын нормалдашуусу үчүн ташталуучу кадамдарды сүйлөшө тургандарын белгиледи.

Калын: «Бул процесстин пайдалуу болушун каалайбыз. Белгилүү болгондой, Түркия ар дайым Палестина элинин жанында болду. Бул процессте Палестина элине, өзгөчө эки мамлекеттүү чечимдин ишке ашырылышы жана бул жердеги Палестина элинин шарттарынын жакшыруусуна колдоо көрсөтүүнү жана жардам берүүнү улантабыз»,-деп айтты.

Калын Түркия-Израиль карым-катнаштары тууралуу да:«Албетте бир эле учурда Израиль менен Түркиянын ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу үчүн таштала турган кадамдарды жана Израилдин президентинин март айында Түркияга жасай турган сапарын кеңири талкуулайбыз»,-деди.

Калин сөзүн улантып: «Биздин максатыбыз, аракетибиз жана мүдөөбүз Палестина маселесинин алкагында аймактык тынчтыкты, ырааттуулукту жана бейпилдикти камсыздай турган, бардыгы үчүн коопсуздукту, эркиндикти жана гүлдөп-өнүгүүнү биринчи орунга койгон аймактык тартипти куруу. Бул үчүн биз президентибиздин жетекчилиги астында бул багыттагы аракеттерибизди жана умтулуубузду улам арттырып уланатабыз»,-деп айтты.

Ибрахим Калын жана аны коштогон делегация бүгүн Палестинага барат, ал жерде президент Махмуд Аббас тарабынан кабыл алынат жана өлкөнүн жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Делегация эртеңки Израилге сапары учурунда Израилдин президенти Ицхак Герцогдун Түркияга жасай турган сапарынын даярдыктарын талкуулайт жана саясий кеңешүүлөрдү өткөрөт.



Тектеш кабарлар