Жумушсуздук сандары билдирилди
Түркиянын статистика мекемеси TUIK 2021 - жылдын октябрь - декабрь айлары үчүн жумушчу күчүнүн статистикасын жарыялады.
Түркияда жумушсуздук катнашы 2021 - жылдын төртүнчү чейрегинде үчүнчү чейрегине караганда 0,5 баллдык төмөндөө менен 11, 2 пайызды түздү.
Түркиянын статистика мекемеси TUIK 2021 - жылдын октябрь - декабрь айлары үчүн жумушчу күчүнүн статистикасын жарыялады.
Ушуга ылайык жалпы Түркияда 15 жана андан жогору жаштагы адамдарда мезгилдин таасиринен тазаланган жумушсуз саны өткөн жылдын акыркы чейрегинде үчүнчү чейрекке караганда 78 миң кишиге азайып 3 миллион 780 миң киши болду.
Мезгилдин таасиринен тазаланган жумушсуздук көрсөткүчү болсо 0,5 пайыздык төмөндөө менен 11,2 пайызга жетти.
Жумушсуздуктун деңгээли төртүнчү чейректе өткөн жылдын тийиштүү чейрегине салыштырмалуу 1,8 пайызга төмөндөдү.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.