Шуша декларациясы күчүнө кирди

Шуша декларациясы Түркия менен Азербайжандын ортосундагы карым-катнаштарды дагы да бекемдөөнү жана тереңдетүүнү максат кылууда.

1778072
Шуша декларациясы күчүнө кирди

Түркия Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы союздаштык мамилелер боюнча Шуша декларациясынын бекитилишине байланыштуу мыйзам күчүнө кирди.

Азербайжандын Шуша шаарында 2021-жылдын 15-июнунда кол коюлган «Түркия Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы союздаштык мамилелер боюнча Шуша декларациясына» байланыштуу мыйзам да Расмий гезитте жарыяланды.

Шуша декларациясы Түркия менен Азербайжандын ортосундагы карым-катнаштарды дагы да бекемдөөнү жана тереңдетүүнү максат кылууда.

Декларациянын негизинде Түркия менен Азербайжанды байланыштырган Зенгезур коридорунун ачылуусу жана Нахчыван-Карс темир жолунун курулушунун карым-катнаштардын активдешине салым кошору көздөлүүдө.

Декларация аркылуу Түркия менен Азербайжандын аймактык, глобалдык коопсуздук жана ырааттуулук маселелерин чечүү үчүн биргелешип аракет кылышы, көз карандысыздыкка же жеринин бүтүндүгүнө үчүнчү мамлекет тарабынан коркунуч жана кол салуу болгон учурда тараптардын бири-бирине керектүү жардамды бериши максатталууда. Өзгөчө терроризм, уюшкан кылмыштуулук, баңги аткезчилиги жана мыйзамсыз иммиграция менен күрөшүүдө биргелешкен аракеттерди жана кызматташтыкты кеңейтүү максатын көздөйт.



Тектеш кабарлар