Чавушоглу: «Артка түртүп салуу боюнча Европа Биримдиги да күнөөлүү»

Мевлүт Чавушоглу расмий сапарынын алкагында борбор шаар Анкарага келген Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

1775473
Чавушоглу: «Артка түртүп салуу боюнча Европа Биримдиги да күнөөлүү»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Грециянын ачык түрдө адам укуктарын тебелеп, артка түртүү саясатын (мыйзамсыз мигранттарды) улантып жатканын, мында Европа Биримдигинин (ЕБ) да күнөөсү бар экенин айтты.

Мевлүт Чавушоглу расмий сапарынын алкагында борбор шаар Анкарага келген Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Грециянын эл аралык эрежеге терс түрдө жана адам укуктарын тебелөө менен (мыйзамсыз иммигранттарды) артка түртүү саясатын улантып жатканын баса белгилеген Чавушоглу, Грециянын бул темада ЕБнен колдоо алганы үчүн бул маселеде ЕБ да күнөөлүү экенин белгиледи.

Чавушоглу, Европа Биримдигинин чек араларын коргоо шылтоосу менен Грециянын адамкерчиликсиз мамилесин колдоосунун Биримдик жактаган баалуулуктарга кескин түрдө карама-каршы келерин айтты.

Мевлүт Чавушоглу: «19 бейкүнөө адамдын (Эдирненин Ипсала районунда) суукта калып каза болушунун жооптуусу Греция»,- деди.



Тектеш кабарлар