Шентоп: «15-март «Эл аралык Исламофобия менен күрөшүү күнү» деп таанылышы керек»

MIKTAнын 7- Парламент төрагаларынын жыйыны видеоконференция ыкмасы менен өткөрүлдү.

1774659
Шентоп: «15-март «Эл аралык Исламофобия менен күрөшүү күнү» деп таанылышы керек»

Мексика, Индонезия, Түркия жана Австралия мүчө болгон MIKTAнын 7- Парламент төрагаларынын жыйыны видеоконференция ыкмасы менен өткөрүлдү. Австралиянын кожоюндугунда өткөрүлгөн жыйын менен МИКТАнын кезектеги төрагалыгы Түркияга өттү.

Видеоконференция аркылуу «Демократияны колдогон эффективдүү парламенттер» аттуу жыйынга катышкан Шентоп, мүчө мамлекеттерди жалган маалымат, жек көрүүчүлүк, расизм жана чет элдик душмандык сыяктуу бүткүл дүйнөнү коркунучка салган темаларда эл аралык конвенцияны ишке ашырууга чакырды.

Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) 15-мартты «Эл аралык Исламофобия менен күрөшүү күнү» деп жарыялаганын эске салган Шентоп: «ИКУнун Парламенттик Биримдигинин учурдагы төрагасы катары бул күндүн эл аралык коомчулук тарабынан таанылышы жана эскерүүсү көп коркунучка каршы биздин жалпы күрөшүбүз жагынан маанилүү деп ойлоймун»,-деди.

Шентоп миграция маселесинин да тез арада глобалдык чечүүчү жол табылышын күткөн маселе экенин баса белгиледи.

Шентоп: «Керектүү чаралар өз убагында көрүлбөсө, мыйзамсыз миграция жана качкындар кризиси маселеси курч күн тартибин жаратууну улантат. Адамдар өз өлкөлөрүндө тынчтыкта ​​жана минималдуу гуманитардык шарттарда жашай ала турган чөйрөлөрдү куруу жана өнүктүрүү - бул глобалдык маселе жана  бул үчүн биз парламентарийлер катары көбүрөөк жоопкерчилик жана демилге көтөрүшүбүз керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар